Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.01.2016 13:46

Ысык-Көлдөгү жол кайгуулчулар 19 инженердик техникалык кызматкерге 80 миң сомдук айып пул салды

Turmush -  Ысык-Көл облустук Жол кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсү 19 инженердик техникалык кызматкерге 80 миң сомдук айып пул салды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынан маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусунда жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, айдоочулар арасында унаа тартибин бекемдөө, унаа техникаларын эффективдүү иштетүү, унаа жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча автомекемелерде 28 жолу, жүргүнчүлөрдү ташуучу мекемелерде 27 жолу комплекстик текшерүүлөр өткөрүлдү.

Облустук Жол кайгуул кызматы бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсү тарабынан түзүлгөн графиктин негизинде 67 жолу автоунаа каражаттарына жолго чыгар алдында маршруттук каттамдарды текшерүү жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×