Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.01.2016 14:55

Караколдо 80 жаштагы жалгыз бой пенсионерге кол салып, тоноп кеткен шектүүлөрдүн сүрөтү

Turmush -  Каракол шаарында жалгыз жашаган 80 жаштагы пенсионерди сабап, үйүн тоноп кеткен каракчылык боюнча ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, аталган кылмышка Ысык-Көл облусунун мурда сот жоопкерчилигине тартылган жашоочулары: 1981-жылы туулган С.Д. жана 1993-жылы туулган Н.К. шектелип жатат.

Шектүүлөр

А 1

А 2

Оку 13-январда саат 06:00 чамасында болгон.

Кол салгандар үйдөн уюлдук телефон, электрдик курулуш каражаттарын жана 650 сом өлчөмүндөгү акча алып чыккан. Учурда иликтөөлөр улантылып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы кол салуучулардан жабыркаган 80 жаштагы пенсионер менен маектешип, окуя тууралуу так маалымат алды.

Жабырлануучу

21

22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×