Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.01.2016 10:57

Ысык-Көлгө Чүйдөн келген 23 жаштагы жигит марихуана менен колго түштү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында ОИИБдин кызматкерлери Чүй облусунун 23 жаштагы тургунун баңги зат менен кармады.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнү текшерүү учурунда таңгакталган белгисиз зат табылып, экспертизанын жыйынтыгы менен ал зат 412 грамм салмактагы марихуана экендиги белгилүү болду.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралып, иликтөөлөр уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×