Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.01.2016 10:20

Фото - Караколдогу үйдөн 80 жаштагы пенсионерге кол салгандар балта менен сабап, 650 сом жана 100 жыл сакталган бальзамын алып кетишкен

Turmush -  Каракол шаарында 13-январда орун алган каракчылык фактысын ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, аталган кылмышка Ысык-Көл облусунун мурда сот жоопкерчилигине тартылган жашоочулары: 1981-жылы туулган С.Д. жана 1993-жылы туулган Н.К. шектелип жатат.

Аныкталган маалыматтарга ылайык, алар жалгыз жашаган пенсионердин үйүнө 13-январда саат 06:00 чамасында кол салган. Итти уясына камап, эшикти талкалап кирген кылмышкерлер пенсионердин колу-бутун байлап кетишкен.

Алар кол салган үйдөн уюлдук телефон, электрдик курулуш каражаттарын жана 650 сом өлчөмүндөгү акча алып чыккан. Учурда иликтөөлөр улантылып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы кол салуучулардан жабыркаган 80 жаштагы пенсионер менен маектешип, окуя тууралуу так маалымат алды.

Владимир Фетисов Каракол шаарындагы үйдө жалгыз жашайт. 13-январда таңкы 06:00 чамасында үйүнө кирген белгисиз адамдын кол чырагынын жарыгынан ойгонгон.

«Болжол менен 06:00 чамасында үйгө белгисиз адамдар келди. Мен уктаган бөлмө үйдүн чыгыш бөлүгүндө, эки бөлмөдөн кийин жайгашкан.

Мен уктап жаткан жерден эки кол чырактын жарыгынан ойгондум. Алар менден ордумдан турбай жатышымды талап кылышты. Мени үйүмдүн жер төлөсүнөн алынган балтанын жыгач сабы менен чапкылашты. «Силерге эмне керек?» деп сураганымда кыймылдабай жат деп буйрук беришти. Алар терезе парданы алып, мени таңып коюшту», - деди пенсионер.

Ал балта менен чапкылаган учурда пенсионер төшөгү менен коргонууга аракет кылган. «Антип коргонгонум мага жардам берди. Андан соң жарыкты күйгүзүп, бир нерсе издей башташты. Жаккан буюмдарын алышты. Башка бөлмөдөгү кийимдеримдин чөнтөгүнөн пенсияга чейин пайдалана турган 650 сом жана 50 сомдой тыйындарды алышты.

Столдун үстүндө турган чөнтөк телефонду, ашканадагы муздаткычка салынган тоок этин, жумуртканы, спирттик ичимдиктерди, 100 жыл сакталган эки бөтөлкө бальзамды алып кетишти.

Алар үйдү тоноп жатканда жер төлөдө дагы бирөө жүрдү. Ал жактагы 3 арааны жана башка буюмдарды алып кетишти», - деди пенсионер.

Үйдөгү телефондун зымдарын үзүп кеткен кылмышкерлер үйдөн чыгып баратканда каалга тарапка отургучу коюп кетишкен. «Алар каалганын түбүнө отургуч коюп кетишти. Бирок мен эшикти ачып, кошунанын үйүнө бардым. Алар менин агамды, милицияларды чакырышты. Милициядан 30 адам келип, барын жазып, суроо беришти. Кечээ кечке чейин соттук-медициналык экспертиза жасалды», - деп кошумчалады Владимир Федорович.

Анын аялы жана 5 баласы чет өлкөдө жашайт.

«Бир кызым пенсия курагында болгондуктан үйгө келе албайт. Калгандары Россияда. Аялы дагы Россияда. Неберемдин колу сынган, жаштар иштешет. Ошондуктан аялым аларга жардам берип жүрөт.

Жалгыз уулум Курилде иштейт. Бир кызым Индиядан Кыргызстанга жаңы келди. Жумуштары менен бул жакка келе албай жатат. Аны менен бир жумадан кийин жолугушабыз», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×