Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.01.2016 18:36

Караколдо рейд учурунда унааны мас абалында айдап бараткан Мамэкотехинспекциянын кызматкери кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө бүгүн, 14-январда «Рулду башкаруу» аталышындагы рейд өткөрүлүп, мыйзам бузган мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Ысык-Көл ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын взводдук курамынын башчысы Таалай Намазбеков маалымдады.

Рейд облустун борбору Каракол шаарында өткөрүлүп, негизинен унааларынын терезелерин караңгылатып алган мамлекеттик кызматкерлер аныкталды. Ошондой эле, мамлекеттик номуру жок, терезелери караңгылатылган унааларды башкарып башкарып бараткан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды. Аларга тиешелүү айып пул салынып, айрымдарынын авто унаалары убактылуу токтотулуучу жайга жеткирилди. Аны менен катар, ылдамдыкты чегинен ашырган айдоочуларга эскертүү берилди.

Мындан тышкары, унааны мас абалында айдап бараткан 20 айдоочу катталды. Алардын ичинде В2819 номурлуу авто унаасын мас абалында айдап бараткан экотехинспекциянын кызматкери Жаныбек Келботоев токтотулду.

Белгилей кетсек, айрым укук коргоо кызматкерлери токтотуу буйругуна баш ийбей өтүп кетишти.

«Рейд 25-январга чейин улантылат жана учурда облустун баардык аймактарында жол кайгуул кызматкерлери иш алып барышууда», - дейт Т.Намазбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×