Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.01.2016 11:11

Түптүктөр текестик кыргыз ишкерлерине акчаларын кайсы бизнеске салуу керектигин көрсөтүшөт

Turmush -  Түп району Кытай мамлекетиндеги Текес районунда жашаган кыргыз ишкерлерине меморандум түзүү боюнча чакыруу жөнөтүштү. Бул тууралуу аталган райондун акими Ишен Кожалиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

И.Кожалиевдин айтымында, Текес районунда 2 миңге жакын кыргыз ишкерлери бар. «Алар келсе эки райондун ортосунда меморандум түзөбүз. Ишкерлерге биздин бизнес картаны сунуштап, акчаларын кайсы бизнеске салса боло тургандыгын айтып беребиз. Максатыбыз — райондо өндүрүштү көбөйтүү жана инвесторлорду тартуу», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×