Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.01.2016 09:54

Чолпон-Атада ишкерлер жайгашкан үйгө кол салган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (фото)

Turmush -  ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишкерлерге кол салуу жана тоноочулук менен алектенип келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2015-жылдын ноябрь айында саат 2:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан турак үйгө бычак жана арматура көтөргөн азиат улутундагы бир нече адам кирген. Белгилүү болгондой, ал үйдө борбордон келген ишкерлер жайгашкан.

Кол салган белгисиз адамдар ишкерлерди бычак менен коркутуп, акча тоногондон кийин, аларды сабап, жээкке таштап кетишкен.

Аталган факты боюнча укук коргоо органдарына маалымдалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон ишке ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери 5-январда Чолпон-Ата шаарынын аймагында оперативдүү иликтөөлөрдү жүргүздү.

Анын жүрүшүндө Ысык-Көлдө 1979-жылы тулуган К.Ж. шектүү катары кармалды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, ал буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынып, ар кандай кылмыштар менен 4 жолу сот жоопкерчилигине тартылган.

Шектүү кармалгандан кийин Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Иликтөөлөр уланып, кылмыштын башка катышуучуларын кармоо аракеттери көрүлүүдө.

GUBOP_zaderj_OPG_K.Jeenbek

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×