Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.01.2016 16:29

Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы дүкөндөн 22 миң сом тонолду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы дүкөндү белгисиз адамдар тоноп кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына укук коргоо органдарынан маалымдалды.

2015-жылдын 30-декабрында түнкү саат 12:30 чамасында уурулар дүкөндүн кулпусун талкалап киришкен. Алар дүкөндөн 10 миң сом жана күнүмдүк колдонулуучу товарларды алышкан. Натыйжада дүкөндүн ээсине 22 миң сомго чыгым келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×