Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.01.2016 13:14

Ысык-көлдүк айдоочу 2 жылкыны сүзүп, жаракат алган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди

Turmush -  Ысык-Көл районунда айдоочу 2 жылкыны сүзүп, жаракат алган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди.

Кечээ, 12-январда Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунан Балыкчы шаарын көздөй бараткан «Ауди С4» унаасы саат 06:20 чамасында Кара-Ой айылынын аймагынан өткөн. Жолдон байкоосуздан 2 ат чыга калып, жол кырсыгына себеп болгон.

Жаракат алган 2 жүргүнчү жана унаанын айдоочусу Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×