Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 13.01.2016 12:33

Балыкчыдагы үйгө ууруга киргендер 600 доллар жана алтын, күмүш буюмдарды уурдап кетишти

Turmush -  Балыкчы шаарындагы турак үйгө ууруга киргендер 600 доллар, 10 миң сом жана алтын кооздук буюмдарды уурдап кетишти.

Кечээ, 12-январда шаар тургуну Ш.А. Балыкчы ШИИБге кайрылып, 11-январь күнү алардын жоктугунан пайдаланып, үйүнө ууру киргендигин билдирген. Уурулар үйдүн терезесин талкалап киришкен. Үй ээсинин айтымында, уурулар алардын 600 доллар, 10 миң сом акчасын жана алтын, күмүш кооздук буюмдарын уурдап кетишкен.

Жалпысынан уурулар үй-бүлөгө 128 сом чыгым алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×