Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.01.2016 12:23

Караколдо белгисиз адамдар унаанын терезелери менен фараларын сындырып кетти

Turmush -  Каракол шаарында белгисиз адамдар унаанын терезелери менен фараларын сындырып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 12-январда түнкү саат 03:30 чамасында Каракол шаарындагы караоке клубдун жанынан «Мерседес-Бенц 312» унаасынын капталдагы терезелерин жана фараларын талкалап кетишкен.

Бул факт боюнча унаанын ээси укук коргоо органдарына кайрылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×