Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 12.01.2016 11:44

Ысык-Көл облусунда 2015-жылы жол кырсыгынан 11 өспүрүм каза тапкан

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында 2015-жылы жол кырсыгынан 11 өспүрүм каза тапкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 91 жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 11 өспүрүм каза тапкан. Ал эми 115 өспүрүм денесинен ар кандай жаракат алган.

Өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол кырсыгы Ак-Суу районунда 50%га, Түп районунда 27,2%га өсүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×