Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.01.2016 09:45

Ысык-Көлдө 10 күндө 10 өрт катталып, 500 түк чөп, 1 унаа күйүп кетти

Turmush -  Ысык-Көлдө жыл башынан бери 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрт өчүрүү кызматынын капитаны Бекжан Жексенбиев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Жексенбиевдин айтымында, тилсиз жоодон 500 түк чөп, 1 унаа күйдү. Ошондой эле 5 турак жайдан жана бир соода түйүнүнөн өрт чыккан. «Негизи өрт кырсыктары балдардын шоктугунан жана жылытуучу мештердин туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыгууда», - дейт ал.

«Ар бир өрттүн алып келген чыгашасы 10 күн аралыгында такталат», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×