Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.01.2016 17:11

Тоң районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзамсыз атылган бир баш кулжа табылды (фото)

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мыйзамсыз аң уулоочуларга карата атайын рейд жүргүзүлдү.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз аң уулоочулардан уруксаат кагазы жок, мыйзамсыз колдонулган 7 даана мылтык алынды.

Мыйзамга ылайык, аталган ок атуучу куралдар жергиликтүү РИИБге тапшырылат. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Арчалуу өрөөнүнөн мыйзамсыз элик аткан А.М., ошондой эле Кызыл китепке кирип, коргоого алынган бир баш кулжа аталган аймактын С.А. аттуу жашоочусунун үйүнөн табылган.

Аталган факт боюнча акт, протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Эске салсак, 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомунун негизинде бир баш кулжа үчүн 400 миң сом доо каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×