Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 08.01.2016 08:10

Ысык-Көл облусунда 2015-жылы жол кырсыгынан 112 адам каза болгон

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 2015-жылы жол кырсыгынан 112 адам каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында 2015-жылда бардыгы 451 жол кырсыгы катталган. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 1,3%га өскөн. Жол кырсыктарынын кесепетинен жыл ичинде 112 адам каза болуп, 814 адам ар кандай жаракат алышкан.

Жол кырсыктары 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы Ысык-Көл районунда 16,3%га, Тоң районунда 15,2%га, Каракол шаарында 4,3%га өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×