Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.01.2016 18:18

Чучук маселеси: «Кумтөрдүн» кишен салынган кызматкери М.Макфит Ысык-Көл РИИБде (видео)

Turmush -  «Кумтөрдүн» кызматкери Майкл Макфит колуна кишен салынган абалда Ысык-Көл РИИБде жүргөн жеринен тартылган видео Turmush басылмасынын редакциясына берилди.

Мурда маалымдалгандай, М.Макфит социалдык түйүндөгү баракчасына улуттук тамак болуп эсептелген чучукту жылкынын жыныстык органы деп атаган билдирүү жарыялаган.

Окуя боюнча:

«Кумтөрдүн» кызматкери — Улуу Британиянын жараны Майкл Макфит facebook-аккаунтунда «кыргыздар чучукка кезекке турушат жана чучук жылкынын жыныстык органы» деп жазгандыгы үчүн Караколдогу мейманканага алынып келип, атайын аскер бөлүктүн кызматкерлеринин кайтаруусуна алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда ИИМ АКИpress агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-январда эртең менен материалдар УКМКга берилген.

Буга чейин М.Макфит 2-январда «Манас» аба майданынан кармалып, ИИМдин 10-башкы башкармалыгына андан ары Каракол ШИИБге жеткирилгендиги маалымдалган.

Кийинчерээк кыргыздын улуттук тамагына шек келтирген М.Макфит түшүнүк кат жазганы маалымдалган.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×