Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.01.2016 08:39

Караколдо болгон жол кырсыгында «Тойота» ала салып кетти (фото)

Turmush -  Каракол шаарында кечээ, 3-январда саат 9-10 чамасында эки автоунаа кагышып, бирөө ала салды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Эртең мененки саат 9-10 чамасында Каракол шаарынын Жамансариев жана Салиева көчөсүнүн кесилишинен «Хонда» жана «Тойота» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, «Тойота» автоунаасы ала салып кеткен. Жол кайгуул кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыгына «Хонда» автоунаасынын айдоочусу күнөөлүү.

Анткени ал «токто» деген жол белгиси турса да унааны айдап кете берген. Эрежеге ылайык, ал токтоп башкы жолдо бараткан «Тойота» автоунаасын өткөрүүсү керек эле.

Учурда жол кайгуулчулар бул иш боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Жол кырсыгында курмандыктар болгон жок. «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүлөрү жеңил жаракат алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×