Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.01.2016 10:49

Балыкчыдагы балатыда бычакталган өспүрүмдүн өлүмү: Жаңы жылга караган түнү жолуккан окуучулар мурунку мушташты териштирүүгө алган

Turmush -  Жаңы жылга караган түнү саат 23:00 чамасында Балыкчы шаарындагы балатынын жанында адам өлүмү менен коштолгон мушташ эки топтогу окуучулардын ортосунда чыккан. Ал окуучулардын көпчүлүгү Балыкчы шаарындагы орто мектептердин, кесиптик лицейлердин окуучулары болгон.

Балыкчы ШИИБ Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, мушташ учурунда бычактан жаракат алган 16 жаштагы өспүрүм ооруканага жетпей каза болгон.

Маалыматка ылайык, аталган мушташка катышкан топтогу балдардын бирин 29-декабрда экинчи топтун өкүлү ур-токмокко алган. Жаңы жылга караган түнү балатынын жанынан жолуккан эки топтун окуучулары 2 күн мурунку окуяны териштирүүгө алган. Кайым айтышуу мушташка жетип, балдардын бири жанында алып жүргөн бычагын каза болгон окуучуга шилтеген.

Маалым болгондой, каза болгон окуучу Чолпон-Ата шаарындагы кесиптик лицейлердин биринде билим алып жаткан.

Тиешелүү берене менен кылмыш иши козголуп, Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери окуяны ыкчам иликтөөнү улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×