Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.01.2016 09:57

Жаңы жыл түнү Балыкчы шаарындагы балатынын жанында бычактан жаракат алган өспүрүм ооруканада каза болду

Turmush -  Балыкчы шаарындагы балатынын жанында бычактан жаракат алган өспүрүм каза болду.

АКИpress агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдиргендей, 31-декабрда саат 22:30да Балыкчы шаарындагы борбордук аянтка орнотулган балатынын жанында топ жигиттер мушташып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ШИИБдин кызматкерлерине белгилүү болгондой, классташтардын ортосунда кайым айтышуу чыгып, ал мушташууга жеткен.

Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм бычактан жаракат алып, ооруканадан каза болду.

Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн каза болгон өспүрүмдүн классташтары камакка алынды. Учурда оперативдүү иликтөөлөр улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×