Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.12.2015 09:26

Ысык-Көл облусундагы мыйзамсыз аңчылыктан келтирилген зыян 1,5 млн сомго жетти

Turmush -  Бул жылы Ысык-Көл облусундагы мыйзамсыз аңчылыктан келтирилген зыян 1,5 млн сомго жетти. Мергенчилик департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жыл башынан бери облуста мыйзамсыз аңчылыкка байланышкан 70 факт катталды.

Аны менен 3 кыргоол, кекилик, түлкү, кашкулак, суусар, коён жана 24 баш тоо текеси атылды. Келтирилген зыяндын 600 миң сому гана айтылып, 15 иш прокурада жана соттордун кароосунда турат.

Сот тарабынан чыгарылган чечимдер менен браконьерлерди жазага тартуу күтүлүп жатат.

Видео - Токтогулдан тоо текелерди атып алган 7 браконьер кармалды, алардын бирөөндө ЖКнын депутатынын жардамчысынын күбөлүгү болгон

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×