Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.12.2015 13:57

Ысык-Көлдө быйыл мыйзамсыз жүгүртүүдөн 280 кг марихуана жана 10 кг нашаа алынды

Turmush -  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмү быйыл мыйзамсыз жүгүртүүдөн 9 кг кара куурай, 280 кг марихуана жана 10 кг нашаа алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына бүгүн, 30-декабрда аталган бөлүмдүн башчысы Таалайбек Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, жай мезгилинен тарта октябрь айына чейин «Мак-2015» операциясы жүргүзүлүп, баңги заттарын даярдоо менен алектенген жарандар аныкталган. Ошондой эле, аларды мыйзамсыз сактап, сатып жүргөндөр белгилүү болгон.

«Акыркы жолу Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну кармалган. Ал өзүнүн үйүндө 100 ширеңкенин кутусуна салынып даярдалган нашаа сактап жүргөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×