Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.12.2015 17:18

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынан пенсионердин 40 миң сомдук буюмдарын тоноп кетишти

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында пенсионердин үйүн тоноп кетишти.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жети-Өгүз районунун милиция бөлүмүнө Кызыл-Суу айылынын 1948-жылы туулган жашоочусу С.Б. кайрылып, 27-декабрда ал жок кезде үйүнө ууру киргендигин билдирген.

Анын айтымында, үйүнөн DVD плеер, алтын чынжырча, алтын шакек жана алтын сөйкө жоголгон. Жалпысынан 40 миң сомдук чыгым келтирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×