Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.12.2015 12:07

Жети-Өгүз районунда атасы өз уулун далысына бычак менен сайды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда атасы өз уулун далысына бычак менен сайды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда саат 15:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 1959-жылы туулган Д.О. мас абалында уулунун аркасына бычак менен сайган.

1989-жылы туулган уулу У. аркасынан 2 жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Атасы Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×