Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.12.2015 16:34

Фото - Караколдогу үйүнөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын атасы облус жетекчисинин орун басарынын тууганы

Turmush -  Каракол шаарындагы үйүнөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 10 жаштагы окуучу Ак-Суу райондук жол тейлөө ишанасынын башчысы Тариэл Жаныбековдун кызы болгон. Маалыматтарга ылайык, Т.Жаныбеков өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбековдун аталаш тууганы.

Т.Жаныбеков

А 3

Окуя, кечээ, 25-декабрда болуп, каза болгон кыздын жанынан 7 жаштагы иниси оор абалда табылган. Ал бүгүн Бишкек шаарындагы ооруканага которулганы маалымдалды. Окуяга шектүү катары жабырлануучу үй-бүлөнүн алыскы тууганы кармалып, камакка алынды.

Укук коргоо органдары маалымдагандай, кол салуу учурунда 7 жаштагы бала тууганын таанып калгандыктан кылмыштын бети тез аранын ичинде ачылды.

Ошондой эле, 52 жаштагы шектүү Жусупту жабырлануучулардын үйүнө алып келген таксисттин кесиптештери маалымат берди.

Айдоочунун айтымында, шектүү такси менен тууганынын үйүнө жетип, аны күтүп турууну суранган.

«Ал (шектүү) облустук оорукананын каршысындагы үйдө жашайт. Ал жакында эле өзүнүн кызын турмушка узаткан. Учурда жашап жаткан үйүн жакында эле куруп бүтүргөнүн дагы билебиз. Кардар күткөн таксисттер анын үйүнүн каршысында турабыз.

Кечээ ал таксисттердин бирине келип бир жакка жеткирип коюуну суранган. Алар бир аз убакыттан кийин кайтып келишти.

Аны жеткирген таксисттин айтымында, алар өлтүрүлгөн кыздын үйүнө барып келишкен. Таксист аны күтүп турган. Жусуп болсо ал үйдөн сейф көтөрө чыккан. Ал сейфти башка үйгө жеткирип, андан соң өзүнүн үйүнө келген. Үйүнө келгенден кийин аялы менен кызын алып, ошол эле такси менен автобекетке кеткен», -деди таксист.

Шектүү

А 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×