Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.12.2015 14:33

Караколдогу 10 жашар кыздын өлүмү: Видео - Кармалган адам: кыздын атасы менин кызымды мазактаганы үчүн ачууга алдырып, балдарды от көзөгүч менен сабадым

Turmush -  Каракол шаарындагы 10 жашар кызды өлтүрүп, 7 жаштагы баланы оор жарадар кылган адам ачууга алдырып, аларды от көзөгүч менен сабаган.

Кылмышка шектелип жаткан жаран Turmush басылмасынын кабарчысына окуя тууралуу кененирээк айтып берди.

«Кайын иниме ичим күйдү. Кызым жаңы турмушка чыккан. Бирок үйлөнүү тоюна 5 күн калганда кетип калыптыр. Апасы экөөбүз барып издеп таппай койдук. Телефону Караколдо экендиги тууралуу сигнал келгендигин укканда жолдо болчубуз. Анан Караколдогу кайын инимди (каза болгон кыздын атасын) ага жибергем. Ал барып таап, эки жолу башка чааптыр. Таң атканда аялым, балдызым болуп анын үйүнө жеттик. Кызым жатыптыр. Балдызым барып башка-көзгө чаап калды. Кызыма боорум ооруду. Бишкекке кайра алып бардык. "Жашайсыңбы?" десем "жашайм" деди. Кийин кайын эжем да келип, кызымды кемсинткен жаман сөз айтты. Уктасам ошол сөздөр кулагыма жаңыра берчү. Ошондуктан кайын иниме ачуум келди», - дейт ал.

«Мен барганда эшикти эки кичинекей бала ачты. Жанымда сүйлөп турушкан, анан ачууга алдырдымбы билбейм, от көзөгүч менен чапкыладым», - деди шектүү.

Ошондой эле, «Кылмыш болгон үйдөн алып кеткен сейфтин ичиндегилерге тийбей унаага катып койгом», - деп кошумчалады ал.

Каракол шаарындагы Жусаев (Горький) көчөсүндө жагашкан үйдөн кечээ, 24-декабрда каза болгон 10 жаштагы кыз менен оор жаракат алган 7 жаштагы бала табылган. Аларга карата кылмыш жасады деп шектелип, балдардын атасынын жездеси, 1963-жылы туулган жаран кармалган.

Ал эми 7 жаштагы жарадар болгон бала бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн.

кылмышкер1

кылмышкер2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×