Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 25.12.2015 13:27

Тендердин жеңүүчүсү аныкталгандыгына карабастан Балыкчынын мэри кайра тендер өткөрүп, өзүнүн ишканасын жеңүүчү кылган деп шектелүүдө

Turmush -  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери М. аттуу жарандан түшкөн арыздын негизинде Балыкчы шаарынын мэринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Аныкталгандай, кубаттуу трансформаторлорду алуу тууралуу жарыяланган тендерде алгач башка ишкана жеңүүчү деп табылып, жалпы суммасы 1 млн 261 миң сомго алына тургандыгы белгилүү болгон. Бирок буга карабастан Балыкчы шаарынын мэри С.Ш. кайрадан сынак жарыялап, анда «Испытатель и БСУ» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Ал эми тендерди өткөрүү учурунда аталган ЖЧКнын ээси мэрдин өзү болуп эсептелген.

Чогултулган материалдар боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү, 306-беренесинин 1-бөлүмү жана 308-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ушул жылдын 6-июлунан тартып Сатыбек Шамшидинов Балыкчы шаарынын мэри катары эмгектенип жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Испытатель и БСУ» ЖЧКнын ээси Байтиков Кубанычбек Райымбекович, жетекчиси — Алиясов Алтынбек Мейманбекович эсептелет. Компания 2015-жылдын 8-декабрында каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×