Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.12.2015 12:33

Караколдогу 10 жашар кызды бычактап өлтүрүп, 7 жаштагы баланы жарадар кылган кылмышка шектүүнүн сүрөтү

Turmush -  Кечээ, 24-декабрда Каракол шаарынан 10 жаштагы кызды бычактап өлтүрүп, анын 7 жаштагы инисин оор жарадар кылган кылмышка шектүү камакка алынды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери Каракол шаарында кечээ, 24-декабрда болгон оор кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү делип жабырлануучу үй-бүлөнүн алыс тууганы — 1963-жылы туулган адам кармалды. Ал Ысык-Көл ОИИБ жана Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун аймагынан кармалган.

Бычактан жаракат алган 7 жаштагы баланын абалы оор. Учурда аны Бишкек шаарындагы ооруканага алып келе жатышат.

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 24-декабрда шаардагы үйлөрдүн биринен бычактап өлтүрүлгөн 10 жаштагы кыздын жансыз денеси жана анын 7 жаштагы инисинин жарадар болгон денеси табылган.

Окуя күндүзгү саат 11.00 чамасында ата-энеси жумушта жүргөндө болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышты батирлерге уурулук жасап жүргөндөр жасашы мүмкүн деп болжолдогон.

кылмышкер1

кылмышкер2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×