Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.12.2015 11:17

Караколдо үйүнөн алыскы тууганы тарабынан бычакталган 7 жаштагы бала Бишкек шаарындагы ооруканага жөнөтүлдү

Turmush -  Караколдогу үйүнөн бычакталган 7 жаштагы бала Бишкек шаарындагы ооруканага жөнөтүлдү. Бул тууралуу облустук бириккен оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Каракол шаарындагы Жусаев (Горький) көчөсүндөгү үйдөн кечээ, 24-декабрда бычактан жаракат алып каза болгон 10 жаштагы кыз жана анын оор абалдагы 7 жаштагы иниси табылган. 7 жаштагы бала реанимобиль менен Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жөнөтүлдү.

Т.Маанаевдин айтымында, 7 жаштагы бала 24-декабрда кечки саат 5 чамасында ооруканага түшкөн. Абалы жакшы. «Башында жана төшүндө жаракат бар экен. Рентгенге тарттык. Канап жаткан жерлерин таңдык. Бир көзү жана оң тарабы бир аз начар иштеп атат», - дейт ал.

Бала Бишкек шаарына бүгүн, 25-декабрда саат 10:30да жөнөтүлдү.

Караколдогу 10 жашар кызды бычактап өлтүрүп, 7 жаштагы баланы жарадар кылганга шектелип үй-бүлөнүн алыскы тууганы кармалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×