Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.12.2015 09:13

Караколдо 10 жаштагы кыз менен 7 жаштагы инисин бычактап кеткен адам кармалды

Turmush -  Каракол шаарында кечээ, 24-декабрда 10 жаштагы кыз менен 7 жаштагы инисин бычактап кеткен адам кармалды.

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 24-декабрда шаардагы үйлөрдүн биринен 10 жаштагы кыздын көп жолу бычак сайылган денеси жана анын 7 жаштагы инисинин жарадар болгон денеси табылган.

Окуя күндүзгү саат 11.00 чамасында ата-энеси жумушта жүргөндө болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышты батирлерге уурулук жасап жүргөндөр жасашы мүмкүн деп болжолдоп жатат.

Атайын түзүлгөн ыкчам топ бул окуянын үстүнөн изилдөө ишин алып барууда. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×