Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.12.2015 13:16

Каракол-Эңилчек унаа жолунан 5 метрлик 7 коло карагайды мыйзамсыз алып бараткан жаран кармалды

Turmush -  Каракол-Эңилчек унаа жолунан айылдык жаран 5 метрлик 7 коло карагай менен кармалды. Бул тууралуу Ак-Суу РИИБ маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ак-Суу РИИБ тарабынан «Алдамчы» жана «Экстремист» операцияларын жүргүзүү учурунда үстүбүздөгү жылдын 14-декабрь күнү Каракол-Эңилчек жолунун 5-чакырымынан Кайырма-Арык айылынын тургуну Б.Т. «ГАЗ-66» үлгүсүндөгү автоунаасына тиешелүү документи жок 5 метрлик 7 коло карагайды жүктөп бара жаткан жеринен кармалган.

Маалым болгондой, ал мурда соттолгон эмес. Азыркы учурда жашаган жеринен эч жакка кетпөө боюнча тил катынын негизинде кое берилди. Ал эми автоунаа РИИБдин короосуна киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×