Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 24.12.2015 13:05

10 миң долларлык унаанын акчасын төлөбөй качып жүргөн Түп районунун Санташ айылынын тургуну кармалды

Turmush -  Айылдык тургундун автоунаасын 10 миң долларга баалап алып, акчасын бербей жүргөн жаран милициянын кылтагына түштү. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБ маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Жети-Өгүз РИИБге Чырак айылынын тургуну А.Асылбек арыз менен кайрылган. Себеби былтыркы, 2014-жылдын 15-декабрында Түп районунун Санташ айылынын тургуну К.Руслан аттуу жаран А.Асылбектин «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаасын 10 миң долларга баалап алган. Ал дароо 3000 долларын берип, калган 7 миң долларын ушу күнгө чейин берген эмес», - деп маалымдайт тергөө бөлүмү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×