Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.12.2015 09:39

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы «Кожожаш» спрот комплексинде өрт чыкты

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы А.Түмөнбаев атындагы орто мектебинин «Кожожаш» спрот комплексинде өрт чыкты. Бүгүн, 24-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт учурунда комплекстин узуну 18 метр, туурасы 5 метр болгон кошумча бөлмөсүнүн чатыры, кийинип-чечинүүчү бөлмөсү, спорттук шаймандар жана буюмдар күйүп кетти.

Өрт кырсыгы электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам чыккан.

Учурда аталган спорт комплекстин директору Т.Самаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×