Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 23.12.2015 15:39

Сузактык келин Ысык-Көлдөгү 25 адамдан турган үй-бүлөнү Сирияга үгүттөп алып кеткен (видео)

Turmush -  

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан бир үй-бүлөдөн 25 адамдын Сирияга кеткендиги тууралуу кененирээк маалым болду.

Ысык-Көл ОИИБдин 10-бөлүмүнүн маалыматына ылайык, облустан 45 адам согуштук аракеттерге катышуу максатында Сирияга кеткен. Алардын арасында кичинекей балдарын кошо ала кеткендер дагы бар. Милиция туугандар бири-бирин азгырып, бүтүндөй үй-бүлөсү менен кошо чыгып кеткен фактылар да бар экендигин маалымдайт.

Ушундай үй-бүлөлөрдүн бири болуп Тоң районундагы Төрт-Күл айылында жашаган үй-бүлө эсептелет. Жолдошбек Карабаевдин үй-бүлөсүн Сирияга барууга анын Ош облусунун Сузак районунда төрөлгөн аялы үгүттөгөн.

Ж.Карабаев 1979-жылы Тоң районунда туулган. Ал үстүбүздөгү жылдын ортолоруна чейин аталган райондун Бөкөнбаев айылында жубайы жана 4 баласы менен жашаган.

Аялы Зарипа Хатамова динге абдан берилген адам болгон. Ал 4 баласын жана 80 жаштагы апасын алып, Сирияга чыгып кеткен.

Кийин ага күйөөсү да кошулуп, өзүнүн бир тууган ага-инилери менен эже-карындаштарын үгүттөгөн. Алардын бардыгы балдарын алып, Сирияга Түркия аркылуу чыгып кетишкен. Бул топтун башында Жолдошбек Карабаев өзү турган, деп билдирет милиция.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, айылда ал үй-бүлөнүн алыскы туугандары гана калган. Алар Сирияга кетип калган үй-бүлө менен катышышпайт.

«Сирияга кеткен адамдардын бардыгы салттуу исламды туура түшүнбөгөндүктөн ушундай кадамга барышты. Анткени дин тууралуу билген адам эч качан андай кадамга барбайт», - деген Тоң районунун тургундары Сирияга өлүм үчүн барбоого чакырышат.

Учурда күч органдарынын, облустук казыяттын, облус жетекчилигинин бардык күчү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган.

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыковдун айтымында, жолугушуу учурунда бардыгы кызыгуу менен угушат, бирок жолугушуудан кийин баарын унутуп калышат.

 


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×