Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 22.12.2015 10:33

Түптөгү Тогуз-Булак айылынын тургуну Р.Сапарова «Бөбөк» билим борборунун тарбиялануучуларына күн сайын ысык нан даярдайт (фото)

Turmush -  Түп районунун Тогуз-Булак айылынын тургуну Рита Сапарова «Бөбөк» билим борборундагы балдарга күндө ысык нан бышырып берет, - деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Түп районунун Тогуз-Булак айылында жайгашкан «Бөбөк» билим борборунда учурда 30дан ашык бала 9 ай бою мектепке даярдалып жатат. Алар бул жерде 3 маал тамактанып, уктап, ойноп жана күнүнө 3-4 сааттан окушат.

Бул окуу борборунун ашпозчусу Рита Сапарова эң алгачкылардан болуп борбордун каалгасын ачкан адам. Анткени, анын мында жасай турган көнүмүш жумушу бар. Ал ар бир күнү таң эрте борборду ачып, эң алгач жумушту даяр болгон камырды ийлеп, нан жасоодон баштайт. Андыктан мындагы балдар ар күнү жаңы бышкан нан жешет.

«Бөбөктөр мында келгенде өздөрүн үйүндөгүдөй сезиши керек. Жаңы бышкан нан аларга үйдөгү атмосфераны тартуулайт. Анын үстүнө, нанды колго жасоо сатып алганга караганда каражатты үнөмдөөгө көмөктөшөт», - дейт ал.

Мындан сырткары, ал азык-түлүктөрдү балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша даамдуу бышырып берүү зарылдыгын айтат.

«Бул окуу борбору долбоор жазуу аркылуу уюшулган. Долбоорго ылайык айылга керектүү мекеме болуп, иш орундарын түзүү талабы болгон. Азыр мында айыл өкмөт тарабынан 9 адамга айлык акы берилет», - деди борбордун уюштуруучусу Олег Турганбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×