Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 22.12.2015 10:19

Түп районунун тургуну Э.Сауданбекова: Неберемдин чарчап калгандыгы үчүн райондук төрөткананын дарыгерлери күнөөлүү (фото)

Turmush -  Түп районунун тургуну Эркингүл Сауданбекова небересинин чарчап калгандыгы үчүн райондук төрөткананын дарыгерлерин күнөөлөйт. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Э.Сауданбекованын 4 баласы бар. Алардын эң улуусу үйлөнгөн. Келини кош бойлуу кезинде 9 ай бою өзүн жакшы сезген.

«Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында келинимдин толгоосу башталды. Биз аны Түп райондук төрөт үйүнө алып бардык. Дарыгерлер аны текшерип, түнкү саат 03.00гө жакын төрөрүн билдиришти», - дейт Э.Сауданбекова.

Келини Мадина Муратбекова аталган бөлүмдүн кызматкерлеринин ага жасаган мамилеси тууралуу айтып берди.

«Мени акушер Зина кабыл алды. Мен кечки саат 7де келгем. Анда мага түнкү саат 3кө жакын төрөрүмдү айтышкан. Ал убакка чейин менин жаныма эч ким келген жок. Мен жардамга чакырып жаттым, бирок эч ким көңүл бурган жок. Улуу мээрман айым Минура мени текшербестен эртең менен саат 6да төрөрүмдү айтты. Таң атканда алым кетип, баса албай калдым. Кайын энемди киргизип, мени текшеришти да, жатындын толук ачылгандыгын, бирок баланын келе электигин белгилеп, төрөттү кабыл албай тургандыгын айтышты. Суусунун баары кетип калгандан кийин саат 10до төрөт залына чакырышты. Мага 2 акушер келип, бала ылдыйлаш үчүн басуумду талап кылышты. Саат 16.00дө мага бөлүм башчысы Назгүл Рыспаева келди. Ал учурда суунун баары кетип калган. Мени креслого отургузуп, толгоо чакыруучу дары тамчылаткыч куюшту. Бирок толгоо келбегендиктен жатындын өзүнө дары сайып, төрөтүштү. Бала 2 кг 700 грамм салмагында төрөлдү. Бирок анын үнү чыккан жок. Дарыгерлер бир канча убакыт аны менен алек болуп жатып, 15 мүнөттөн кийин гана ыйлады. Бала кычкылтекке жаткырыларын айтып, менден алып кетишти. 3 күн аны эмизип гана берип жаттым. Аны башка бөлмөдө кармап, колума беришкен жок. Кийин жолдошум менен кайын энеме баланы көрсөтүшкөндө колу-бутунун баары жакшы эле болгон. 3 күндөн кийин мени ал бөлмөгө киргизбей калышты. Мен сүтүмдү таштап эле кетип жаттым», - деди ал.

Бала төрөлгөндөн 3 күндөн кийин ага БЦЖ сайышкан. Бирок кийин Караколдун дарыгерлеринен алсырап турган балага аны сайбаш керектигин билдим. Ошол күнү бала түнү менен ыйлап чыкты. Райондук ооруканада педиатр жок болгондуктан аны башка ооруканага которууну же бака жактан педиатр чакыртууну туура көрдүк. Бирок анын жакшы болуп кетерин айтып, уруксат беришкен жок. Ошол кезде баланын бутуна жагымсыз жыттагы бир нерсени сүйкөп жатышканына күбө болдум. Көрсө ал камфор спирти экен. Бул тууралуу мен Караколдун ооруканасынан билдим. 6-күнү бөлүм башчысы Н.Рыспаева баланы Караколго алып баруу керектигин айтты. Биз аны мээрман айым Минура менен кошо алып бардык. Баланы көргөн дарыгер буга чейин алып келбегендигибиз үчүн нааразычылыгын билдирди. Ал кезде баланын буту карарып, муздап калыптыр. Балага эмдөө болгон болбогондугун сураганда мен «ооба» десем, мээрман айым Минура «жок» деп жооп берди. Ал чындыкты жашырып койду. Ымыркай 15 күндөн кийин чарчап калды. Баарынан да таң калычтуусу Түп райондук ооруканасынын дарыгерлери баланын ВИЧ инфекциясы менен төрөлгөндүгү жана менде гонорея оорусунун аныкталгандыгы тууралуу жыйынтык чыгарышкандыгы болду. Биз жеке лабораторияга бардык анализдерди тапшырып, эч кандай гонорея жана ВИЧ инфекциясы тастыкталган жок», - дейт М.Муратбекова.

Учурда үй-бүлө райондун дарыгерлерин сотко берүү үчүн материалдарды даярдоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×