Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.12.2015 15:23

Фото - Ысык-Көлдүн Григорьевка айылындагы турак үй 59 жаштагы ээси менен кошо өрттөндү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы Давлетбаев көчөсүндөгү №73 даректе жайгашкан үйдөн өрт чыгып, үй ээсинин күйгөн денеси табылды.

Бүгүн, 22-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери кошуналары тарабынан чакырылган. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери 1956-жылы туулган М.Нинанын күйгөн төшөктө жаткандыгын, кийими кошо күйгөнүн көрүшкөн. Өрттүн себебин тактоо үчүн өрт өчүрүүчүлөр чакырылган.

Өрт кырсыгы тамеки тартуудагы этиятсыздыктан чыгышы мүмкүн деп болжолдонууда. Жансыз дене туугандарына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×