Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.12.2015 17:06

Жети-Өгүздүн Липенка айылында жашаган тургундун үйүнө бала таштап кетишти

Turmush -  Жети-Өгүздө айыл жашоочусунун эшигинин алдына жаңы төрөлгөн наристени таштап кетишкен. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБ маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз РИИБдин үстүбүздөгү жылдын 14-декабрдагы маалыматына ылайык, 13-декабрь күнү кечки саат 9 чамасында Липенка айылынын Корниенко көчөсүндө жашаган тургундун үйүнүн эшигинин алдына белгисиз адамдар жаңы төрөлгөн эркек баланы таштап кетишкен. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×