Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 21.12.2015 10:01

Түптө «Укук жана мен» театр-форуму өткөрүлүп, окуучулар терс көрүнүштөрдөн арылуунун жолдорун талкуулашты (фото)

Turmush -  Түп районунун Кайкин орто мектебинде «Зомбулуксуз мектеп» долбоорунун координатору, социалдык педагог Роза Чикаева менен «Медиатор» ийриминин жетекчиси Венера Алымжанова жогорку класстын окуучуларынын арасында «Укук жана мен» аттуу театр-форумун өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Театр-форумда үй-бүлөлүк кырдаал, окуучунун мектептеги жана сабактан кийинки убактысында аткарган пайдалуу жана пайдасыз иштери чагылдырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар театрда көрсөтүлгөн терс көрүнүштөрдөн арылуунун жолдору тууралуу ой бөлүшүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×