Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 16.12.2015 16:53

Чолпон-Атадагы С.Киров атындагы мектеп-лицейинин суу түйүндөрү 2,5 млн сомго оңдолду (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында жайгашкан С.Киров атындагы мектеп-лицейинин 14 ажатканасы капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу аталган лицейдин жамааты билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, 14 ажаткана оңдолуп, канализация жана суу менен камсыздоо системалары толугу менен калыбына келтирилип, шаардык түйүнгө кошулду.

«26 даарат көзөнөгү, 6 писсуар, 32 кол жуугуч, тамак-аш пунктуна 3 идиш жуугуч жана 50 литрлик суу ысыткыч коюлду», - дешет мугалимдер.

Иштер «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоору аркылуу жасалып, 2 млн 436 миң 993 сом жумшалды. Лицейде 1300 окуучу билим алып, 75 мугалим сабак берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×