Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.12.2015 13:25

Чолпон-Атадагы А.Осмонов атындагы гимназиянын терезелери 3 млн сомго алмаштырылууда (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы Билим ордо мектеп комплекси Алыкул Осмонов атындагы гимназиясында түрткү берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин салымынын негизинде терезелери алмаштырылууда. Бул тууралуу аталган мектептин жетекчиси Людмила Ворочева билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Л.Ворочеванын айтымында, мектепте жалпысынан 156 терезе алмаштырылып жатат. «Биз 3 жылдан бери түрткү берүүчү грантка долбоор жазып келебиз. Быйыл аны утуп, терезелерди алмаштырып жатабыз. Мурдагы терезелердин эскилиги жетип, шамалдан сынып, суу кире баштаган. Түрткү берүүчү грантты жана жергиликтүү шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражатты кошкондо 3 млн сомго жакын акча жумшалууда», - дейт ал.

Гимназиянын имараты 1988-жылы курулган. Анда 1200 бала билим алып, 78 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×