Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.12.2015 14:07

Ак-Суунун Ак-Булак айылында окуучулар зомбулукка каршы акция өткөрүштү (фото)

Turmush -  Ак-Суунун Ак-Булак айылында «Биз зомбулукка каршыбыз» аталышындагы акция өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Акция «Ысык-Көл» коомду өнүктүрүү борбору тарабынан өткөрүлүп, мектеп окуучуларына зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Б.Мамытов атындагы орто мектептин окуучулары «Зомбулукка каршыбыз!» деген темада сүрөт тартышкан. Ошондой эле, окуучулардын катышуусунда оюндар уюштурулуп, алар үстөмдүк жасалган учурларды чагылдырышты.

Белгилей кетсек, мындай акция буга чейин райондун 3 айылында уюштурулуп, мектеп окуучулары активдүү катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×