Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 01.12.2015 11:30

Түп районундагы В.Кайкин орто мектебинин 416 окуучусуна шашке чайы үчүн республикалык бюджеттен күнүнө 7 сом бөлүнөт (фото)

Turmush -  Түп районунун Түп айылындагы В.Кайкин атындагы орто мектебинин 416 окуучусу шашке чайын ичишет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болду.

Түп айылында азык-түлүк коопсуздугу төмөн болгон үй-бүлөлөрдүн саны арбын. Жогоруда аталган мектептин 965 окуучусунун 8и тоголок жетим бала, 43ү көп балалуу үй-бүлөнүн балдары, 25и социалдык жетим жана 44ү жарым жетим бала.

Мектептин ашкана башчысы Н.Кулумбаева шашке чайдын менюсунда 50 граммдан коржик же таттуу токоч, күн алыс буламык, шире жана компоттун түрлөрү болорун айтты. Ал белгилегендей, ар бир окуучуга орто эсеп менен республикалык бюджеттен күнүнө 7 сом бөлүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×