Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.11.2015 12:01

Ысык-Көлдө «Таза колдор» долбоорунун негизинде окуучуларга тазалыкты сактоо эрежелери үйрөтүлүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы «Таза колдор» долбоорунун негизинде окуучуларга ачык сабактар өтүлүп, тазалыкты сактоо эрежелери үйрөтүлүүдө.

Балыкчы шаарындагы №5 орто мектептин директору билдиргендей, Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоору тарабынан 6 мектептин дааратканасы оңдолуп, үчөө жаңы курулду. Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарындагы 2 мектептин жана 1 бала бакчанын дааратканалары жаңыртылган. Ал эми, Балыкчы шаарындагы 10 мектептин бардыгында бул маселе чечилген. Маалым болгондой, эскилери жараксыз абалга келген.

Мындан тышкары, ысык суу, муздак суу жана жылытуу жагы да каралган.

«Окуучулардын гигиенаны сактоолоруна шарттар түзүлдү», - деди долбоордун маалымат берүү боюнча адиси Нурия Иманкулова.

Белгилей кетсек, №5 мектепте 800 бала билим алса, 47 мугалим эмгектенет. Мектеп 1860-жылдары курулуп, анда алгачкы агартуучулар Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев билим алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×