Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу 05.11.2015 14:25

Жети-Өгүз районунда акимдин фондунан элге 327 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда акимдин фондунан жарандарга 327 миң сом колдоо көрсөтүлгөн. Бул тууралуу райадминистрациядан маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз райадминистрациясынын коомдук кабылдамасына 2015-жылдын 10 айында кат жүзүндө 181 кайрылуу, жамааттар жазган 35 арыз катталган. Арыздар жеринде текшерилип, мыйзам чегинде жооп берилди.

10 айдын ичинде райадминистрация башчысы-акимдин фондунан материалдык жардам сурап кайрылган жарандарга 327 миң сом колдоо көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×