Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.10.2015 15:58

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облуста жыгачтан курулуш материалдарын жана эмерек жасоочу ишканаларды ачууну сунуштоодо

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облуста жыгачтан курулуш материалдарын жана эмерек жасоочу ишканаларды жандандырып, курулуш материалдарын алууга кеткен акчаны ички инвестиция катары облуста алып калууну сунуштоодо.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын жетекчиси Руслан Элебесов облустук коллегияда билдиргендей, аталган фонддун акыркы 4 жылдагы каражатынын сарпталышын анализдей келгенде 70-80%ы курулуш тармагына жумшалган.

«Облустун ичинде кирпич аз санда өндүрүлүп, темир-бетон ишканасы облустун муктаждыгынын 40-45%ын гана жабат», - деп билдирди Р.Элебесов.

Ал ошондой эле жыгач материалдарын өндүрүү, эмерек жасоочу цехтерди уюштурууну колго алуу керектигин белгиледи.

«Анткени өткөн жылы эле эмерек сатып алууга 11 миң сомдон ашык каражат жумшалган. Эгер бул жыгач материалдарын өндүрүүнү, эмерек жасоочу цехтерди облуста уюштурсак ички инвестицияга пайда келтирүү менен бирге кошумча иш орундары болмок», - деди Р.Элебесов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×