Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 22.09.2015 16:40

Ысык-Көлдүн алма-алмуруту бренд катарында Россия жана Казакстанга экспорттолуп, аларга болгон суроо-талап жогору

Turmush -  Ысык-Көлдүн алма-алмуруту бренд катарында Россия жана Казакстанга экспорттолуп, аларга болгон суроо-талап жогору. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүнөн билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Учурда облуста алма-алмуруттун 1 кг 30 сомго чейин бааланууда.

Ысык-Көл областтык мамлекеттик статистика башкармалыгын маалыматы боюнча 1-сентябрга карата областын аймагында 9790 тонна мөмө-жемиш жыйналды. Ал өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 3,9%га көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×