Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.09.2015 15:08

Каракол шаарында доллардын курсу 73 сомго жетип, Кыргызстан боюнча рекорд койду (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 73 сомдон сатылып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, шаарда долларды сатып алуу 72 сомдон болууда. Ал эми банктарда доллардын курсу 72 сомду түзүүдө.

IMG-20150916-WA0046

IMG-20150916-WA0047

Эске салсак, кечээ, 15-сентябрда доллардын курсу өзгөргөндүктөн айрым акча алмаштыруу жайларында доллар сатылбай калган.

Кечээ, 15-сентябрда Каракол шаарында эртең менен доллардын курсу 70,4 сомго жеткен. Ал эми, доллардын эң төмөн курсу (сатып алуу) 68,60 сом болсо, эң жогорку курсу (сатуу) 70,4 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×