Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.09.2015 15:30

Ысык-Көлдө үч ишкана салыкка ири суммадагы акча  карыз (тизме)

Turmush -  Ысык-Көлдө  2800 ишкананын мамлекеттик салык кызматына карызы бар. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, облуста салык карызы 2015-жылдын 1-августуна карата 78981,3 миң сомду түздү.

Ал эми ири карызы бар ишканалардын катарын 11083,1 миң сом менен «Күрмөнтү цемент» АК, 8397,3 миң сом өлчөмүндөгү карызы менен «Ысык-Көл-Лидер» ЖЧКсы жана 5090,9 миң сом карызы бар «Шахта Жыргалаң» ААК түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×