Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.09.2015 10:07

Фото - Ак-Суунун Жыргалаң айылында гипс казылып, Теплоключенко айылында завод иштей баштайт

Turmush -  Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында Союз убагында 1000ге жакын түтүн бар эле. Учурда 200гө жетпеген түтүн эл же 1,5 миң киши калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Бир кезде шахтерлор туш тараптан келип негиздеген айылда турукташып калган эл мал менен жан багат, башка жумуш жок. Учурда бул айылда «Шахта Жыргалаң» акционердик коому жана «Жыргалаң Дөргө көмүр» аттуу эки шахта бар. Бирок, азырынча алар толук кандуу иштей элек.

Өткөн жуманын соңунда бул айылга Индиядан инвесторлор келип, айылдын аймагындагы тоодон гипс казылып, карьерде иш жүрө баштады. Эми айыл Жыргалаң көмүрү менен гана эмес, жогорку сорттогу гипси менен дагы белгилүү болду. Аталган айылдан гипс казылып алынып, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылына ташылат. Анда индиялыктардын гипс порошогун чыгарган завод курула баштады. Завод дээрлик кураштырылып коюуга ылайыкталып жасалгандыктан курулуш иши бир ай аралыгында бүтөт.

Бул инвестицияны тартып келген Камчыбек Үкүев «Бул 2 миллион 400 миң доллардын тегерегиндеги инвестиция. Быйылкы жылды президент экономиканы өнүктүрүү жылы деп жарыялагандан кийин өлкөбүздө бир катар иштер жүрүп жатат. Биздин ишкананын ачылышы дагы ушул жылга туш келгенине кубанычтабыз. Чындыгында мындай ишти баштоодо жергиликтүү тургундардын да көмөгү, колдоосу керек. Азыр бизди айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары, жалпы айылдын эли колдоп, 92ге чыккан ак сакал бата берип турат. Андыктан, айыл тургундарына ыраазыбыз. Биздин ишкана Бишкекте катталса да, шахта толугу менен Жыргалаң айылында жайгашкан. Демек, салык, ар кандай төлөмдөр айылга, районго түшөт», - дейт.

Анын айтуусу боюнча, курулуп жаткан заводдун мүмкүнчүлүгү чоң. Ишкерлер айына 2000 тонна гипс порошогун чыгаруу планын коюп жатышат. Ошондо орто эсеп менен мамлекетке салык аркылуу айына бир миллион сом түшүп, завод курулуп бүтсө, 70-80 киши иш менен камсыз болот. Ал эми мындагы жумушчулар жогорку айлык акыларын алышат.

Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов: «Жыргалаң айылынын үстүндө гипстин кени бар эле. Муну 3-4 жылдан бери иштете албай келгенбиз. Быйыл кыргыз-индия биргелешкен ишканасы ачылып, гипс кенин өндүрө баштадык. Эми Теплокюченко айылында гипстин ар кандай түрүн чыгарган завод иштей баштайт. Бул райондун эли үчүн жакшы жөрөлгө болуп калат», - деп билдирди.

Маалым болгондой, инвечторлор өлкөдөгү гипстин 90%ы дал ушул жерде экенин байкаган. «Бул жердеги гипстин сапаты Кыргызстандагы башка аймактарга караганда жакшы. Бул долбоордун үстүндө 1 жарым жылдан бери иштеп жатабыз. Эми биз ушул жерден гипс казып алып, аны иштетип, ал товарды Казакстанга чыгарсак болот. Мында чыккан товар Казакстан, Россиядан алынган товардан жакшы сапатта болоруна ишенем. Бул өндүрүш жергиликтүү өндүрүш болуп калат. Долбоор 2 миллион доллардын тегереги болуп жатат. Бирок, алдыдагы план боюнча 5 миллион долларга чейин чыгышы керек», - дешет алар.

30 жылдык тарыхы бар индиялык компания буга чейин Кытайда, түштүк Африкада, Турция, Бангладеж, Дубайда иштеп келишкен. Алардын азырынча 2026-жылга чейин биргелешип иштөө планы бар жана бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.

Шахтада 30 жыл эмгектенген Калканбаев Касей: «Биз такыр эле унутта калганбыз. Мында көп эле инвесторлор келген. Шайлоо алдында көп эле депутаттар баш баккан. Алардын кээ бири жардам берсе, айрымдары бизди унутуп койгон. Эми гипс казылып алынса, аны шахтынын көмүрү менен бышырабыз деп жатат. Жаштар иш менен камсыз болот. Буюрса бул эл үчүн пайда алып келүүчү иш болчудай. Айлыбызда бул иш башталса, ар кайда жүргөн балдар кайра ушу жерге иштеп, оңолуп кетет элек», - деген пикирин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×