Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 26.08.2015 16:06

Салыкчылар Чолпон-Атада 2 миңден ашык контрафакттык алкоголду табышты

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Чопон-Ата шаарында 2 миң бөтөлкөдөн ашык контрафакттык алкоголдук продукцияны тапты.

Бүгүн, 26-августта МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддик салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө соода агентине тиешелүү «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаадан «СВВЗ» ЖЧКсына таандык акциздик маркалар менен идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген 2 миң 57 бөтөлкө алкоголдук продукция табылды.

Салыкты толук көлөмдө төлөөдөн баш тартуу максатында 0,25 литрдик номиналдагы акциздик маркалар жарым литрдик сыйымдуулуктагы идиштерге чапталган.

Чогултулган материалдар компаниянын катталган жери боюнча салык органына тийиштүү чараларды көрүү үчүн өткөрүлдү.

Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында «Народный» соода үйүнөн «Торговый дом Питница» ЖЧКсына таандык 49 бөтөлкө алкоголь табылды.

Тартылып алынган продукция Мамлекеттик соттук экспертиза борборуна акциздик маркалардын аныктыгына экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×